Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:56

Ошто эки күн суу берилбейт


Ош шаарында эки күнгө таза суу берүү токтотулаарын шаардык сууканал башкармалыгынан маалымдашты. Бүгүн түнкү саат он экиде токтотулган суу 26-октбярдын түн жарымында кайра берилет. Мунун себебин башкармалык суу түтүктөрүндөгү ремонт жана тазалоо иштерине байланыштуу деп түшүндүрдү. Тургундарга керектүү сууну камдап алуу эскертилүүдө.

Ош шаарында таза суу жыл сайын эки жолу – жаз жана күз айларында 48 саатка токтотулат. Андан сырткары, Ак-Бууранын суусу кирдеген учурда да өчүрүлөт. Калаа тургундарына суу дарыядан алып берилет. (SE)

XS
SM
MD
LG