Мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасынын долбоору коомдук талкууга коюлат. Программаны ишке ашыруу 2014-2020-жылдарга пландалган.
Аны коомдук талкууга президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ сунуштоодо.
Долбоордо мамлекеттик тил саясатын өркүндөтүү чаралары камтылган. Ал Конституциянын негизинде жазылып, улуттук өнүгүү стратегиясынын жана этностор аралык мамилени чыңдоо концепциясынын жоболорун ишке ашыруу максатын көздөйт. Бул тууралуу президенттин маалымат менен камсыздоо бөлүмү кабарлады. (SE)