Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Альтернативалуу жолдун курулушу эмки жылы башталат


Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген жаңы жолдун курулушу 2014-жылдан тарта башталат. Бул тууралуу "Азаттыкка" бүгүн транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Максатбек Дыйканов билдирди. Анын айтымында, жолдун курулушун каржылоого 400 миллион долларды Кытайдын "Экспорт-импорт" банкынан насыя катары алууга кол коюлду. 

Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев Бишкек-Ош жолуна катарлаш түштүк менен түндүктү бириктирчү жаңы жол куруу зарылдыгын белгилеп, бул жолдун техника-экономикалык негиздемесин түзүүнү жана каражат табууну өкмөткө тапшырган. Алдын-ала эсептер боюнча, 460 чакырымдан ашык жолдун курулушуна 700 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.(BkA)

 

XS
SM
MD
LG