Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:22

Ошто жер тамдарга газ берилбей жатат


Ош шаарында үч күндөн бери жер тамдарга газ берүү токтотулганын бүгүн "Азаттыкка" Ош газ чарба башкармалыгынын жетекчи орун басары Зина Азимкулова билдирди. Анын айтымында, Өзбекстанда газ түтүктөрү оңдолуп жатканына байланыштуу токтогон газ качан жанданаары белгисиз.

Учурда коңшу өлкөдөн саатына 1000 куб метрдин тегерегинде көгүлтүр от берилип жатат. Ал кабат үйлөр үчүн гана жетиштүү. Калктуу конуштарды толук камсыздоо үчүн 3000 куб метрден ашык газ керек. Ал эми мекеме-ишканалар менен кошо тейлөө үчүн 5000 куб метр болушу зарыл.

Ош шаарына жана Кара-Суу районуна газ кошуна Өзбекстандан келет. Жыл сайын кышка жакын коңшү өлкө төлөмдөргө байланыштуу деп көгүлтүр отту берүүнү кыскартат. (SE)

XS
SM
MD
LG