Аймактагы кабарчыбыз маалымдагандай, ушул тапта коңшу өлкөнүн чек арачылары Баткендеги Катта-Туз мунай бургулоо аймагынан чыгып жатат.
Бүгүн түшкө жуук эки өлкөнүн чек ара жетекчилери Курманакун Матенов менен Шерали Мирзо телефон аркылуу сүйлөшкөн. Мирзо бүгүн тажик аскерлери аймактан чыгып кетээрин айткан. Тараптар такталбаган бул тилкенин пайдалануу боюнча чечимди өкмөт аралык комиссия кабыл алышы керек деген бүтүмгө келишкен.
Тажикстандын атайын кызматынын чек ара аскерлери Лейлектеги "Катта-Туз" мунай ишканасын кайра иштетүү талабы менен 24-октябрь күнүн аталган аймакка кирип алган. Чек ара кызматы маалымдагандай, кечээтен бери аймактагы “Достук” чек ара бекетинде абал чыңалып турган. Лейлек районундагы чек ара отряды учурда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Лейлектин Арка аймагында 40 жылга жакын аралыктан бери Тажикстан иштетип келген 20 гектарга чукул аймак июнь айынын соңунда кыргыз чек арачылары тарабынан бошотулган эле. Кыргыз тарап бул аймак толугу менен Кыргызстандын ичинде тураарын, чек ара талашы жоктугун билдирген. (SE\ JsA)