Орус президентинин жардамчысы Юрий Ушаков бүгүнкү саммитте негизинен шериктештиктеги өлкөлөрдүн ичиндеги уюшкан кылмыштуулук, терроризм жана экстремизм, мыйзамсыз баңги зат жана адам аткезчилиги өңдүү проблемаларды биргелешип чечүүнүн жолдору талкууланат деп билдирди. Саммитте Кыргызстан менен Түркмөнстандын гана президенттери жок, алардын ордуна вице-премьерлер барышкан. Калган өлкөлөрдөн президенттер катышууда.