Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:36

Кыргызстанда 9 айда 143 кылмыштуу топ мүчөсү кармалды


Кыргызстанда 9 ай ичинде ар кылмыштар боюнча уюшкан кылмыштуу топтордун 143 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты. Министрликтин маалыматына караганда, кармалгандардын 90у Камчы Көлбаевдин, 11и Максат Абакировдун, жетөө Азиз Батукаевдин жана бешөө Алмаз Бокушовдун кылмыштуу топторунун мүчөлөрү болгон. Калган 30дан ашык адам өлкөдөгү майда кылмыштуу топтордун мүчөлөрү деп шектелүүдө. Бул адамдардан көп сандагы ок атуучу жана жардыруу заттар алынган. Айрымдары укук коргоо кызматкерлеринин жасалма күбөлүктөрүн пайдаланып жүрүшкөн.

Өткөн айда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев күч органдарынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүн сынга алып, күрөштүү күчөтүүгө эки ай мөөнөт чектеген болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG