Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов кабарлады. Анын айтымында, бүгүн Бишкектеги Түштүк магистралында жаңы көпүрөнүн ачылыш аземинен соң Мамлекеттик күзөт кызматынын жана шаардык милициянын кызматкерлеринин ортосунда түшүнбөстүк орун алган. Окуя президент Алмазбек Атамбаев катышкан аземден соң болгон. Абдраимов бул окуя боюнча учурда кызматтык териштирүү жүрүп жатканын, анын жыйынтыгы менен күнөөлүүлөр жазаланаарын кошумчалады.
Кыргызстанда буга чейинда күч органдардын кызматкерлеринин ортосунда чатактар катталып келген. Быйыл жазында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жана Бишкек шаардык милициясынын кызматкерлеринин ортосунда чыр чыгып, ок атылган эле. (BkA)