Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:17

Нурбек Аканов эл аралык мелдеште жеңүүчү болду


Бүгүн Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жоокердик искусство өнөрү боюнча Бүткүл дүйнөлүк экинчи оюндары жыйынтыкталып жатат. Кыргызстандан бокс, бел кур күрөшү, самбо, кикбоксинг, тайбокс боюнча 13 спортчу катышып, 1 алтын, 5 коло байгелүү болушту. Кыргызстандык тайбоксчу Данияр Кашкараев, кикбоксчулар Сталбек Дарканбаев менен Рашид Аманкулов, бокс чеберлери Бактияр Өтөгөнов, Адилет Бекиев коло медаль тагынды.

25-октябрда кечинде бел кур күрөшү боюнча күч сынашууларга оор салмакта Имангазы Койлуев катышмак. Анын ордуна бүткүл дүйнөлүк Универсиаданын чемпиону Нурбек Аканов чыгып, орусиялык, беларус жана украиналык балбандарды жеңип, жоокердик өнөр боюнча чемпион аталды.

Жоокердик өнөр боюнча бүткүл дүйнөлүк биринчи оюндар 2010-жылы Бээжин шаарында өткөн. Мында да командалык эсепте биринчи орунду Орусия ээлеген. Бул ирет да орусиялыктар биринчи, франциялыктар экинчи, жапондор үчүнчү орунду камсыз кылышты. Кыргызстан 6 байгелүү орунду ээлеп, 31-орунга илинди.

Санкт-Петербурдагы оюндар 18-октябрда башталган. (КМа)

XS
SM
MD
LG