Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:47

Казанда Айтматовду эскерүү иш-чарасы уланууда


Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган Москвадагы иш-чара ушул тапта Казан шаарында уланууда. Ал бүгүн жыйынтыкталат.

Мадният, маалымат жана туризм министри Султан Раев баш болгон Кыргызстандын делегациясы кечээ Татарстандын мамлекеттик кеңешчиси Минтимер Шаймиев менен жолугушту. Минтимер Шаймиев “Биз Айтматовду акыркы сапарга бул жактан узаткан болуп калдык” деп жазуучу менен соңку жолугушуусун эскерди. Ал Айтматов апасынын жана таятасынын кичи мекенине барууну пландап жатканын, бирок ден соолугуна байланыштуу сапарын токтотуп, Германияга ооруканага кеткенин айтып берди. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматы кабарлады.

25-октябрда Москвада Чыңгыз Айтматовдун эстелиги тургузулган.

Жазуучу беш жыл мурда каза болгон. (AKu)

XS
SM
MD
LG