Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:23

Алжирде жаңы мунай кени табылды


Алжирдин түштүгүндө мунайдын ири запасы табылганы кабарланууда. Энергетика министри Юсуф Юсфинин ырастоосунда, кенде 1,3 миллиард баррел мунай бар деп болжолдонууда. Бул – акыркы 20 жылда табылган эң чоң кен. Ал дагы бир мунай кенинин жанында жайгашкан.

Энергетика министрлиги Sonatrach мамлекеттик ишканасы кара майды казуу үчүн жөнөкөй эмес техникага муктаж болоорун маалымдады. Алжир Европаны жаратылыш газы менен камсыздаган африкалык лидер-өлкөлөрдүн катарына кирет.

XS
SM
MD
LG