Бул маалыматты “Азаттыкка” Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Бакиров кабарлады. Анын айтымында, Кызыл-Кыядан Сирияга кеткендердин дээрлик бардыгы кайтып келген. Калган экөөнүн бирөө каза болгон. Анын каякта, кандай шартта өлгөнү белгисиз.
- Бул маалыматка эки айдай болуп калды. Бул жерде куран окутулган. Ата-энелери деле, келген балдар деле бул жөнүндө маалымат айтпайт, - деди Бакиров.
Маалыматка ылайык, каза болгон адамдын сөөгү Кыргызстанга алынып келинген эмес. Бул маалыматты маркумдун туугандарынан тактоо мүмкүн болгон жок. Расмий бийлик, УКМК да муну тастыктай элек.
Буга чейин Кыргызстандын Кызыл-Кыя шаарынан жана Жалал-Абад облусунан Сириядагы согушка кеткен он чакты адам боюнча маалыматтар айтылган. Алардын айрымдары Түркияга жеткен соң кайра үйлөрүнө кайтып келишкен. УКМКнын алдындагы Антитеррордук борбордун директорунун орун басары Таалай Жапаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, дагы бир канча адам Сирияга бармакчы болгон жеринен артка кайтарылган. (КЕ/ZB)