Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Атамбаев: Коррупциялык схемаларды жок кылуу керек


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Коргоо кеңешинин катчысы Бейшенбай Жунусовду кабыл алды. Анда ноябрь айында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү маселеси карала турган жыйынга даярдыктын жүрүшү талкууланды. Мамлекет башчысы коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү маселесин бир гана укук коргоо органдарынын аракеттери менен чечүү мүмкүн эмес экендигин белгиледи. Мамлекеттик органдардын жана кызматтагы адамдардын милдеттерин, ыйгарым укуктарын терең талдоонун негизинде коррупциялык схемаларды жок кылуу керектигин кошумчалады. Бул тууралуу Президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG