Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Бороон үч адамдын өмүрүн алды


Британия кабылган "Ыйык Иуда" бороону үч адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты. Кенттин Хевер аймагындагы машинеде 17 жаштагы өспүрүм кыз набыт болгону маалым болду. Хертфорширде 50 жаш чамасындагы кишинин машинесине бак кулагандан кийин ал киши заматта жан берген. Лондондун батышында бороондон улам дарак газ түтүктөрүнө кулап, жарылуудан бир адам көз жумду.

Расмий маалыматтар боюнча, бороондон жабыр тарткан кыргыз жарандары жок.

Айлана-чөйрө боюнча агенттик нөшөрлөп жааган жамгырдан улам 141 жерди сел каптоо коркунучу бар экенин эскертти. Синоптиктер "Ыйык Иуда" бороону Фин кысыгына багыт алганын кабарлашты.

Шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 44 метрге, ал эми Лондондо 32 метрге чейин жетти деп Метеорология кызматы маалымдады. Уайт аралында шамалдын ылдамдыгы саатына 160 чакырымга чейин жетти.

Бороон Британия боюнча 140 миңден ашуун үйдү токсуз калтырды. Өлкө боюнча 200гө жакын бак-дарак кулап түшкөн, алардын 100ү темир жол рельстерине кулаган.

Британияда транспорттун бардык түрү толук кандуу иштей элек. Учак, темир жол, кеме каттамдары кыскарып, айрым туннелдер жана көпүрөлөр жабык бойдон турат. (BAz)

XS
SM
MD
LG