Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:01

Апрель соту жанданды


Апрель окуясында жабыркагандардын адвокаты Осунбек Жамансариевдин “Азаттыкка” айтымында, бүгүнкү соттук териштирүүдө эксперттин корутундусу каралууда. Ал Ак үйдүн үстүнөн кандай позицияда атса болорун айтып берди. Эксперт Ак үй үстүнөн жатып, отуруп атууга болбой тургандыгын, туруп атса болорун, бирок коопсуздугу коркунучта экенин белгилеген.

-Биз бир адамдын айтканына ишенбейбиз деп комиссиялык экспертизага берүү маселесин чечип жатабыз, - дейт Жамансариев.

Ушул айдын башында ишти карап жаткан Аскер гарнизондук сотунун судьясы Дамир Оңолбековдун ооруп калганына байланыштуу топтоп калган сот иши бүгүн улантылды. Жамансариев соттук териштирүү аяктап калганын, жараян үзгүлүтүккө учурабаса, жакынкы аралыкта аягына чыгышы мүмкүн экенин кошумчалаган.

2010-жылы 7-апрелде куралсыз элге ок атууга буйрук берген жана аны аткарган деген айып мурунку президент Курманбек Бакиев баш болгон 21 кишиге тагылган. Анын ичинен мурдагы президент Бакиев баш болгон жети айыпталуучу Кыргызстанда болбогондуктан, сырттан соттолууда.

Ушул тапта камакта мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчи орун басары Нурлан Темирбаев кармалууда, калгандары үй камагында. Апрель окуясы боюнча соттук иш 2010-жылдын 17-ноябрынан бери уланып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG