Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:17

Акун Атамбаевге бир ай мөөнөт чектеди


Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы эсептелген Азиз Батукаевдин абактан эрте бошотулушуна тиешеси бар бардык адамдарды кызматтан алууну өлкө президенти Алмазбек Атамбаевден талап кылды. Бул үчүн ал президентке бир ай мөөнөт чектеди. Ал бул убакыт ичинде баш прокурор Аида Салянова, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев, УКМК башчысы Бусурманкул Таабалдиевге кылмыш иши козголуп, кызматтан алынышы керек деп эсептейт.

“Батукаев бошотулгандын эртеси Атамбаевдин атынан, ал сурап атат деп Таабалдиев мага чалып, комментарий берип коюңуз деп суранган. Ошондуктан ушул иштин артында Атамбаев турат деген жыйынтыкка келдим. Жогорку Кеңештин токтомунда көрсөтүлгөн бардык чиновниктерди кызматтан кетирип, иш козголуп, камалсын. Эгер менин күнөөм болсо мен да камалайын. Баарыбыз чогуу камалалы”,- дейт Акун. Эгер бул талаптар аткарылбаса ал оппозицияга өтүп, өз укугу үчүн күрөшөрүн “Азаттыкка” билдирди. Таабалдиев буга чейин Акундун бул айткандары негизсиз экенин билдирген болчу.

Криминалдык чөйрөнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаев ден соолугуна байланыштуу деген себеп менен жазында камактан чыгарылган. Анын абактан эртелей бошонуп кетишине тиешеси бар деген жүйө менен июнь айында Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду кызматтан алуу тууралуу чечим чыгарган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG