Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Өмүрүн тилге арнады...


Академик Бүбүйна Орузбаева "Азаттыктын" студиясында, 2011-жыл.
Академик Бүбүйна Орузбаева "Азаттыктын" студиясында, 2011-жыл.

28-октябрда филология илимдеринин доктору, кыргыз кыз-келиндеринин арасынан чыккан биринчи академик Бүбүйна Орузбаева 89 жаш курагында дүйнө салды.

Кыргыз филология, түркология илими оор жоготууга учурады. Илимдер академиясынын академиги Бүбүйна Орузбаева 89 жаш курагында дүйнө салды.

Анын кыргыз тили боюнча “Кыргыз тилиндеги сөз жасоочу аффикстер” (Фрунзе-1958), “Лингвистикалык терминдердин орусча-кыргызча сөздүгү” (Фрунзе-1972), “Кыргыз терминологиясы” (Фр.:1983),«Кыргыз тилинде сөз жасоо» (1984), “Сөз курамы: жогорку окуу жайларынын филол. фак. үчүн” (Бишкек: Мектеп – 2000) жана башка илимий эмгектери эне тилин изилдөөдө маанилүү болгонун Кыргыз улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев белгиледи.

- Бүбүйна эже өмүр бою кыргыз тили деп жашап, кыргыз тили деп өттү. Өзүнүн артынан чоң бир илимий мурас калтырып кетти. Бул кишини Советтер Союзу учурунда дагы, Союз ыдырап тарагандан кийин дагы чет өлкөлүк илимпоздор өтө сыйлачу. Ансыз түркологдордун чоң жыйыны өтчү эмес.

Бүбүйна Орузбаеванын билим алууга умтлуусу бала кезинде эле ойгонгондугун ал эскерүү маектеринде айтканы бар. Анын атасы Өмүрзак балдарынын билим алуусу үчүн атайын Караколго көчүп барыптыр. Бүбүйна эже биринчи классты уйгур тилинде окуп, тамга тааныйт.

Кийин 11 жашында Караколдогу педагогикалык окуу жайда окуп, ошол эле маалда өзү теңдүүлөргө сабак бергенин мындан эки жыл мурда “Азаттыктагы” интервюьсунда айткан болчу.

- Мени менен пединститутта окугандын баары айылдан келгендер, орусча такыр билишпейт, орус тил сабагын, 19-кылымдын орус адабиятын Скоблева деген сулуу аял окутчу. 1-2-курста Скоблева менен Бирюковдун сабактарын мен кыргызчалатам. Ал киши 30 мүнөт окуйт лекциясын, 15 мүнөт мага калтырат, анан мен кыргызчалатып балдарга айтып берем. Зияш агай мага саатына бир сомдон төлөйт стипендияма кошуп. Кудай салбасын атам келгендин баарына эле “мобу кызым айлык алып атат”, - деп эле мактанып атчу. Он бештен, он алтыга караганда педагогикалык орто окуу жайды бүттүм.

Бүбүйна Орузбаева Улуу Ата Мекендик согуштун оор мезгилинде дагы билим алуусун улантып, атактуу илимпоздордон таалим-тарбия алыптыр.

- 1945-жылы пединститутту бүттүм. 43-жылы согуш кезинде Академиянын филиалы ачылган, ошонун тил-адабият, тарых институтуна аспирантурага кирдим. Юдахин, Карасаев бизди акыркы курста окутуп калды. Юдахин мени өзүнө сурап алды, ушул кызды мага бергиле, мен аспирантурада өзүм жетекчи болоюн деп. 1951-жылы аспирантурасын бүттүм, 52-жылы Москвага барып, кандидаттыкты коргодум.

Өмүрүн кыргыз тилине арнаган илимпоз ак жашап, маңдай тери менен тапкан эмгегине каниет кылып, 11 жашынан баштап каражат таап, бир дагы адамдан пара албаптыр.

- Он бир жашыман стипендия алгандан тартып ушул кезге чейин бир кишиден бир тыйын алган жокмун, - деп 86 жашында айтты эле, кайран киши.

Бүбүйна Орузбаева 1970-жылдары орус, өзбек мектептеринде мурда өтүлүп келген кыргыз тилиндеги сабактар таптакыр алынып салынганда бийликтин мындай мамилесине каршы чыккан бирден-бир илимпоз болгон. Анын бул аракети кезинде Борбордук Комитеттин бюросунда каралып, катуу тепкиге алыныптыр.

Академик Бүбүйна Орузбаеванын илимий эмгектери кыргыз грамматикасына, лексикологияга жана лексикографияга, кыргыз тилинин тарыхына, кыргыз терминологиясына, тил аралык байланышка, тил илиминин жана айрым түркологиянын проблемаларына арналган. Кыргыз тили боюнча жыйырмадан ашуун монографияларды, эки жүзгө чукул илимий иштерди жазган.

Анын жетекчилиги менен ондон ашуун адам кандидаттык диссертацияларын жактаган.

Маркумдун шакирттерин бири, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университеттин ректору, профессор Искендер Исамидинов устатынын окумуштуулук, карапайым энелик сапаттарына мындайча токтолду:

- Эже кыргыз кыздарынын ичинен аттын кашкасындай бөлүнүп турган, болгондо дагы тил илиминде биринчи академик, доктор болгон. Суук кабарды угуп, чынында кабыргабыз кайышып турат. Анткени кыргыздын бир чыгаан окумуштуу кызынын дүйнө салышы филология илимин, анын ичинде тил илимин орду толгус чоң жоготууга алып келди. Эже биздин улуттук университетке көп келип турчу. Акыл-насаатын айтып, кыргыз тилинин өнүгүшү жөнүндө биздин студенттерге, аспиранттарга кеп-кеңештерин берип турчу. Эженин окуучуларынын атынан, жалпы филологдордун, студенттеринин атынан агайын-туугандарына, жерге-жектерине эженин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун демекчибиз.

Филология илимдеринин доктору, профессор, академик Бүбүйна Орузбаева 1924-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Чолпон айылында туулган.
Кыргыз Илимдер Академиясында тил, адабият институтунда кенже, ага илимий кызматкер, директордун илимий иштер боюнча орун басары, грамматика боюнча сектордун башчысы, директор, түркология жана терминология секторлорунун башчысы, Кыргыз Совет энциклопедиясынын башкы редактору, Улуттук академиянын президиумунун мүчөсү, Кыргыз Республикасынын тил, адабият институтунун бөлүм башчысы болуп иштеген.

Маркумдун сөөгү 30-октябрда үйүнөн чыгарыла турган болду.

- Эже керээз калтырып кетиптир. Болбосо мындай академиктерди Улуттук илимдер академиясынын имаратында тажыясын уюштуруп, салт болуп калган коштошуу зыйнатын жасамак элек. Бирок өзүнүн керээзи боюнча сөөгү үйүнөн саат 11де чыгарылып, Байтик айылындагы көрүстөнгө коюла турган болду,-деди Кыргыз улуттук илимдер академиясынын вице-президенти Абдылдажан Акматалиев.

XS
SM
MD
LG