Кыргызстандын ар кайсы аймагынан чогулган 50 жуп бүгүн Бишкекте баш кошту. Жаш жубайлар каттоого туруп, мечитте нике кыйылды. Үйлөнүү үлпөт "Сүйүү" паркында атайын уюштурулган "Бекем үй-бүлө - өнүккөн өлкөнүн туткасы" деген аталыштагы иш-чара менен коштолду.
Уюштуруучулардын белгилөөсү боюнча, иш-чара үй-бүлөнүн баалуулуктарын бекемдөөгө, эне менен баланы колдоо жана демографиялык маселелерди чечүүгө багытталып, ырчы-чоорчулардын катышуусунда өткөрүлөт.
Массалык түрдө үйлөнүү үлпөтүн өткөрүү жаш үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин демилгеси менен 2010-жылдан бери уюштурулуп келатат. Бул долбоор демөөрчүлөр жана донорлордун колдоосу менен өткөрүлүп келүүдө.(КЕ)