Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:12

Салянова: 2003-жылы Кумтөр келишимине өкмөттүн 12 мүчөсү кол койгон


Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында баш прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында, 2003-жылы 31-декабрда Кумтөр келишимине өкмөттүн 12 мүчөсү кол коюп, макулдугун берген. Алар: ошол кездеги биринчи вице-премьер-министр, юстиция министри Курманбек Осмонов, мурдагы каржы министри Болот Абилдаев, тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Талант Кушчубеков, мурдагы айыл чарба жана суу чарба министри Александр Костюк, мурдагы социалдык коргоо министри Роза Акназарова, мурдагы саламаттыкты сактоо министри Миталип Мамытов, мурдагы транспорт жана байланыш министри Кубанычбек Жумалиев, мурдагы ички иштер министри Бакирдин Субанбеков, мурдагы экология жана өзгөчө кырдаалдар министри Темирбек Акматалиев, мурдагы өнөр жай жана тышкы соода министри Садриддин Жиенбеков, Мамлекеттик мүлк жана инвестиция тартуу боюнча комитеттин мурдагы жетекчисинин орун басары Анатолий Макаров, “Кыргызалтын” ишканасынын экс-президенти Камчыбек Кудайбергенов. Булардын ичинен Кудайбергенов менен Макаров каза болгон.

Аты аталгандардын арасынан буга чейин башкы прокуратура Курманбек Осмонов, Болот Абилдаев жана Темирбек Акматалиевге кылмыш ишин козгогон. Абилдаев менен Акматалиев 25-октябрда кармалып, ушул эле күнү атайын тил каттын негизинде чыгарылган.

“Башка адамдардын тергөө маалында коррупциялык сүйлөшүүлөргө тиешеси бар экени аныкталса, аларга да айыбы угузулат. Азыр тергөө иштери жүрүүдө”, - дейт Салянова. (КЕ)

XS
SM
MD
LG