Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалидев бүгүн маалымат жыйынында абактан мөөнөтүнөн эрте бошоп кеткен Азиз Батукаевге байланыштуу суроолорго жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда бул боюнча тергөө жүрүүдө. Ошонун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш кызматтан алынсын деген тизме каралып, күнөөлүлөр жоопко тартылат.
Кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы атыккан Азиз Батукаевдин абактан эртелей бошотулушун иликтөө үчүн өкмөттө жумушчу топ түзүлгөн. Депутаттардын 30-майдагы токтомуна ылайык, Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгышына тиешеси бар делген ошол кездеги вице-премьер-министр Шамил Атаханов, ички иштер министри Абдылда Суранчиев, саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева, Жаза аткаруу кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиев баштаган бир нече жетекчини 10 күндүн ичинде кызматтан алууну өкмөткө тапшырган. Булардын ичинен Шамил Атаханов гана өз каалоосу менен иштен кетсе, Жогорку Кеңеш акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган.
Депутаттар бул токтом аликүнчө аткарылбай жатканына нааразы болушууда. (КЕ/BkA)