Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:26

Улутчулдар чабуул койгон поезд Дүйшөмбүгө жетти


Айнектери сынган Москва-Дүйшөмбү каттамынын поезди шаарга өткөн түнү кайтып келди. 26-октябрда Орусиянын Волгоград шаарындагы тыныгуу маалында ага улутчулдардын тобу кол салган. Окуяга күбө болгон жүргүнчүлөр "Азаттыкка" айткандай, славян тектүү жаштардын тобу поездди эки тарабынан таш бараңга алган. Бир нече киши жаракат алып, айрым вагондор бузулган эле. Орус полициясы муну «бейбаштык» деп таанып, «улутчулдуктун белгиси жок» деп билдирди.

XS
SM
MD
LG