Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

“Стратегия-31” акциясынын катышуучулары камалды


Москвада полиция митингчилерди таркатыш үчүн көздөн жаш чыгарчу газ чачты, 31-октябрь, 2013
Москвада полиция митингчилерди таркатыш үчүн көздөн жаш чыгарчу газ чачты, 31-октябрь, 2013
Орусиянын бир топ шаарларында “Стратегия-31” акциясынын катышуучулары камалды. Москвада адамдарды полиция Триумфальная аянтында кармады. Ал жердеги бийликтер уруксат бербеген митингге “Башка Орусия” деген партиянын лидери Эдуард Лимонов менен анын жактоочулары чыгышкан. Бир топ жаштар Чайковский атындагы Концерттик залга кирип барып, тарсылдак атышкан. Ошол жерде 17 оппозиционерди, арасында Лимонов да бар, кармап кетишти.

Петербургда да болсо метронун маңдайында өткөн ушундай эле акцияда төрт киши кармалды. Мындан башка Төмөнкү Новгород жана Новороссийск шаарларында да уруксат берилбеген митингдерде полиция адамдарды кармаганы кабарланууда.

Орусиядагы бул митингдер ар айдын 31инде өтүп келатат жана анда катышуучулар Конституциянын 31-беренесин – “элдин эркин жыйналууга укугун” – коргоо зарылдыгына чакырышат.

XS
SM
MD
LG