Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:26

Москвадан дагы үч кыргыз жараны чыгарылды


Орусиядагы кыргыз элчилигинен маалымдашкандай, алар Москва шаарынын Басман райондук соту тарабынан өлкөнүн мыйзамдарын бузганы үчүн административдик жоопко тартылып, сот аларга 5 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөө жана чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайга камоо аркылуу өлкөдөн чыгаруу жазасын чектеген.

Элчиликтин кызматкерлери кыргызстандык жарандардын өз каалоосу боюнча аларды убактылуу кармоочу жайга камабай эле жакынкы күндөрү өлкөдөн чыгып кетүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүсүнө полициядан уруксат алышкан. Натыйжада аларга туугандарынын жардамы менен Москва-Бишкек учагына билет сатылып берилди деп маалымдайт элчиликтин басма сөз кызматы.

Аз күн мурда Москва полициясы жүргүзгөн рейд учурунда Кыргызстандын төрт жараны кармалган. Алардын бирөө текшерүүлөрдөн кийин коё берилген.

Август айында Матвеевск базарында полициячы сабалгандан кийин орус бийлиги сырттан барган мигранттарга чараларын катаалданткан. Өткөн айда Бирюлево базарында орус жараны киши колдуу болуп өлгөн соң, чаралар ансайын катаалданып, мигранттардын массалык түрдө өлкөдөн чыгарылуусу күчөтүлгөн.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жыл башынан бери Орусиядан чыгарылган кыргызстандык жарандардын саны миңге чукулдаганын билдирди. (ZKo)

XS
SM
MD
LG