Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Казакстан аймагында калган жер тилкесинин маселеси каралды


Бүгүн Бишкекте өтүп жаткан Кыргызстан-Казакстан өкмөттөр аралык кеңешменин жыйынында Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Достук айылындагы 800 метр жер тилкесин колдонуу шарттары жөнүндө сөз болду. Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүн атайын өкүлү Курбанбай Искандаровдун айтымында, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы (Токмокко жетпеген аймагында) Кыргызстанга тиешелүү участок Казакстандын аймагында калып калган. Бул боюнча келишимдин долбоорун даярдоо тапшырмалары тиешелүү мекемелерге берилди.

Ушул тапта Бишкекте кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны өтүүдө. Ага Казакстандын премьер-министри Серик Ахмедов да катышууда. Ал расмий иш сапары менен Кыргызстанга бүгүн келди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG