Ак үйдө премьер-министр Нури ал-Малики менен сүйлөшүүлөрүнөн кийинки сөзүндө Барак Обама ирактыктар пикир келишпестиктерин кыянатчылыктарга барбастан, саясий жол менен чечип алгыдай кылып шайлоо мыйзамын кабыл алуусу зарылдыгын белгиледи:
- Биздин сүйлөшүүлөрдө көңүл көбүнесе Ирак мунай өндүрүү жана башка реформалар жаатында прогресске жетишкенине карабай, тилекке каршы, акыркы кездери “ал-Каида” кыйла активдүү болуп баратканына бурулду. Андыктан Иракка эле эмес, бүткүл аймакка, Кошмо Штаттарга да коркунуч туудурган бул террордук уюмга каршы кантип бирге иштеше аларыбызды көп талкууладык. Мен Ирак шайлоо мыйзамын кабыл алуусун, адамдар пикир келишпестиктерин зордук-зомбулук эмес, саясий жол менен чечип алууга болорун түшүнгүдөй кылып алга жылуусун колдодум.
Нури ал-Малики өз тарабынан Обаманын айткандарына кошулду. Келерки жылга мерчемделген шайлоо өз мөөнөтүндө өтүүсү керектигин кошумчалады.
Мурдараак Ирак премьери террордук чабуулдар күчөгөнүнө байланыштуу АКШга чукул аскерий жардам сурап келгени кабарланган. Барак Обама өз сөзүндө кандайдыр бир аскерий жардамды ачыктаган жок. Бирок тараптардын биргелешкен билдирүүсүндө Ирактын күчтөрүнө “чукул” кошумча жардам зарылдыгы, Ирак тарап америкалык жабдууларды сатып алууга кызыгуусун билдиргени айтылат.
Быйыл Иракта түрдүү кол салуулардан 7000дей кишинин өмүрү кыйылган. (UE)