Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Талас убактылуу аэропортсуз калды


Талас аба майданынын спутниктен көрүнүшү.
Талас аба майданынын спутниктен көрүнүшү.
Жарандык авиация агенттигинин учуу коопсуздук талаптарына жооп бербегендигине байланыштуу Талас областындагы жападан жалгыз аба майдан убактылуу жабылганын "Азаттыкка" аталган агенттиктин директору Эркин Исаков кабарлады. Шаардын түштүгүнөн орун алган аэропорттун учуп-конуу тилкесинде учактарга кооптуу жаракалар пайда болуп, бекеттин жабдыктарынын эскилиги жеткен.

Деңиз деңгээлинен 1266 метр бийиктикте жайгашкан Таластагы аба майдан 1940-жылдары ишке берилген, учурдагы учуп-конуу тилкеси жана аэробекет имараты 1979-жылы курулган. Аэропорттун 1700 метрлик учуп-конуу тилкеси 22 тоннага чейинки учактарды күндүзү гана кабыл алууга жарамдуу болуп салынган. Талас аба майданынын жүргүнчү өткөрүмдүүлүгү саатына 50 адам.

Акыркы жарандык каттамды ЯК–40 учагы 1995-жылы "Манас" эпосунун 1000 жылдык маарекесинен соң Кыргызстандын түштүк областтарына аткарган. Убагында Таластан Бишкекке, Ошко, Токтогулга жана Жалал-Абадга такай каттамдар учуп турган.

Талас областынын борборунан 58 чакырым алыс Манас районундагы Покровка аэродрому да таптакыр каралбай, 1990-жылдардын башында эле толугу менен иштен чыккан. (BAz/KE)

XS
SM
MD
LG