Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:36

Жерүй кени боюнча сынак мөөнөтү аныктала элек


Бул тууралуу өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев ушул жуманын соңундагы маалымат жыйынында "Азаттыктын" суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, учурда Кумтөр кенинин айланасындагы абал жөнгө салынбагандыктан, Жерүй боюнча сынакты өткөрүү артка жылдырылууда. Буга чейин Геология жана минералдык ресурстар агенттигининен Жерүй кенин иштетүү боюнча жаңы сынактын шарты аныкталып жатканы кабарлашкан. Анда аукционду өткөрчү комиссиянын курамы өзгөрүлүп, бир катар жаңы эрежелерди киргизүү каралган.

Жерүйдү иштетүү боюнча буга чейинки жарыяланган сынак каалоочулар жок болгондуктан өтпөй калган. Анда кендин наркы 300 миллион доллар деп бааланган эле.
Таластагы Жерүй - Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки эле эң ири алтын кени. Анда болжол менен кеминде 90 тонна алтын, 13 тоннадай күмүш бар. Айрым жергиликтүү тургундар бул кенди иштетүүгө каршылык билдирип келишет. (BkA)

XS
SM
MD
LG