Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:30

Атай Өмүрзаков Орусиядагы телетаймашка катышуудан баш тартты


Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаков жана “Тумар” бийчилер тобу Орусиянын Биринчи каналындагы “Даңаза ирмеми” ("Минута славы") телетаймашынын жарым финалына катышуудан баш тартты. Бийчинин пиар-менеджери Дамира Калыкова мындай кадамга бул чыгармачыл топтун телетаймаш калыс өткөн жок жана жеңүүчү алдын-ала аныкталган деп эсептешкени себеп болгонун "Азаттыкка" кабарлады. Буга чейин кыргызстандык бийчилер телетаймаштын жарым финалына жолдомо алган эле. Телетаймаштын жеңүүчүсү Сочидеги кышкы олимпиадалык оюндардын жабылыш салтанатына катышаары жарыяланган.

23 жаштагы бийчи Атай Өмүрзаков буга чейин Украинада өткөн сынакта мыкты аталып, Чехиядагы "Чехия - Словакияда таланттар бар" таймашында баш байгени утуп алган.(BkA)

XS
SM
MD
LG