Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:14

АКШ Египеттин убактылуу бийлиги менен кызматташат


АКШ жана Египет делегацияларынын сүйлөшүүлөрү. Каир, 3-ноябрь, 2013-жыл.
АКШ жана Египет делегацияларынын сүйлөшүүлөрү. Каир, 3-ноябрь, 2013-жыл.
Бул тууралуу Каирдеги бүгүнкү сүйлөшүүлөрдөн кийинки басма сөз жыйында Мамлекеттик катчы Жон Керри билдирди:

- Албетте, биз белгилүү бир мезгил аралыгына токтотулуп коюлган жардамга байланыштуу чечим айрым жерлерде жакшы кабыл алынбай турганын түшүнгөнбүз. Бирок бул - жазалоо эмес. Бул биздин саясаттын АКШ мыйзамдарына ылайык чагылдырылышы. Өлкөдө өкмөт алмашкан учурда эмне кылыш керектиги боюнча АКШ Конгресси кабыл алган мыйзам бар. Биз аны аткарууга милдеттүүбүз.

Жон Керри египеттиктерди "демократиянын көздөй жүрүшүн" улантууга чакырды.

Бул – АКШ Мамлекеттик катчысынын Египетте исламчыл президент Мохаммед Мурси бийликтен кулатылгандан берки биринчи сапары.

Сапар бийликтен кулатылган президент Мурсинин соту башталардан бир күн алдыга туура келди. Мурси 2012-жылдын декабрында демонстранттардын президент сарайы алдындагы өлүмүнө тиешеси бар деп айыпталууда.

Буга дейре Вашингтон Египетке жылына берилүүчү 1,5 миллиард доллардык жардамдын кезектеги бөлүгүн токтотуп, мунун себептери катары өлкөдө демократиялык реформалар жоктугун, Мурсинин жактоочулары зордук-зомбулукка кабылганын да атаган.

АКШ Мамлекеттик катчысы кабарчыларга сүйлөп жаткан кезде Каирде Мурсинин жактоочулары жана каршылаштары кайрадан кагылышты.

Жон Керри сөзүндө зордук-зомбулук көрүнүштөрүн айыптады. Бирок Мурсинин өзү жана анын дүйшөмбүдө башталуучу соту жөнүндө эч нерсе айткан жок. (UE)

XS
SM
MD
LG