Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Журналисттер Социал-демократтар фракциясынын чечимине каршы


Жалган маалымат таратканы үчүн журналисттердин жоопкерчилигин катаалдантуу тууралуу Социал-демократтар фракциясынын жума күнү чыгарган чечимине байланыштуу 4-ноябрда "Медиа полис” институту жана айрым журналисттер өз пикирин билдиришет. “Жаңы агым” гезитинин башкы редактору Аскер Сакыбаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул мыйзам долбоорунун кабыл алынуусу сөз эркиндигинин ооздукталышына алып келет.

Өткөн жума күнү парламенттеги бийликчил Социал-демократтар фракциясы атайлап жалган маалымат тараткан ММКны кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча мыйзам долбоорду үч окууда колдогон. Долбоорду фракция мүчөсү Галина Скрипкина иштеп чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG