АКШ мамкатчысы Жон Керри Сауд Арабиясынан кийинки сапарын Польшадан улантты. Ал поляк бийлиги менен экономикалык кызматташтык жана Европада ракетадан коргонуу боюнча калканч түзүү маселесин талкуулары күтүлүүдө. Керринин Польшага иш сапары АКШ чалгын кызматы Евросоюз мүчөлөрүн тыңшоого алганы тууралуу маалыматтардан кийинки убакытка туш келүүдө.
Керри дүйшөмбүдө Сауд Арабиясында болуп, Сауд Арабиянын тышкы иштер министри менен жолукту. Эр-Риядда АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Сауд Арабиянын тышкы иштер министри, ханзаада Сауд –аль-Файзал Жакынкы Чыгыш маселесин талкуулады. Файзал Иранды Сирияга жардам берет деп айыптап, Асаддын режимин колдогон жардамын артка алуусун талап кылды. Ал ошондой эле Жакынкы чыгышта өзөктүк куралсыз аймак түзүүгө чакырык таштады. АКШ мамкатчысы Сауд Арабияга иш сапарында ошондой эле корол Абдулла менен жолукту.