Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Тажикстанда исламчыл оппозиционер үчүнчү кабаттан секирди


“Ислам кайра жаралуу” партиясынын мүчөсү Үмөтжан Тожиев Исфара шаарындагы тергөө борборунун 3-кабатынан секирип жиберип, бутун сындырып алды. Окуя өткөн ишембиде болгон. Тожиев тажик милициясы тарабынан кылмыш тобун түзгөн деп айыпталып, 30-октябрь күнү кармалган эле.

Тажикстандын ички иштер министри Рамазан Рахимов Тожиевдин ишин түп-тамырынан иликтөөнү тапшырды. Ошондой эле Тожиевдин камалышына байланыштуу кырдаалды талкуулоо үчүн “Ислам кайра жаралуу” партиясы да өз кишилерин Исфарага жибергенин партия төрагасынын орун басары Саидумар Хусайни “Азаттыкка” кабарлады.

Үмөтжан Тожиевге тагылып жаткан айыптар атайын бийлик тарабынан жасалып жаткан саясий буйрук экенин анын туугандары айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG