Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Кыргызстандык аялдардын 32% бала багуу менен гана алек


Кыргызстандык аялдардын 32% бала багуу менен гана алек. Бул тууралуу бүгүн Гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Камила Талиева билдирди. Анын айтымында, өлкөдө гендердик тең салмактуулукту камсыздоого багытталган иш-чаралардын баары эле талапка жараша аткарылбай жатат. Талиева белгилегендей, бала бакча жана мектептердин жетишсиздигине байланыштуу аялдардын көбү бала багып үйдө отурууга мажбур болуп жатат. Кыргызстанда бала бакча имараттарынын көбү сатылып, менчиктештирилип кеткендиктен учурда бул проблема өтө актуалдуу болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG