Ошентип, Индия кызыл планетаны изилдөөгө аракет көргөн алгачкы азиялык өлкө болуп калды. Космос зонду түштүк-чыгыш жээктеги Шрихарикота космодромунан бүгүн учурулду. Mangalyaan же “Марсиндар кемеси” 300 күндүн ичинде 780 миллион километрдей учуп, Марска 2014-жылдын сентябрында жетет деп күтүлүүдө. Изилдөөнүн алкагында планетанын атмосферасынын анализи алынмакчы. Буга чейин СССР, АКШ жана Евробиримдик өз кемелерин Марска жиберген. Индия бул экспедицияга 80 миллион доллар сарптады.