Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:37

Кыргызстанда 350 саясий партия бар


Юстиция министри Алманбет Шыкмаматовдун Жогорку Кеңеште билдиргени боюнча учурда күнүнө дээрлик экиден саясий партия каттоодон өтөт. Анын айтуусунда? ошол эле учурда саясий партия түзгөндөр анын уставын жазып, партиялык жыйын өткөрүү зарыл экенин билишпейт.

Айрым серепчилер шайлоолор жакындаганда жаңы саясий партиялар көбөйүп, мурдатан катталып, бирок аты чыкпай жүргөндөрү жандана баштай турганын айтып келишет.

Кыргызстанда жергиликтүү жана Жогорку Кеңешке шайлоолор партиялык тизме менен жүргүзүлөт.(ZKo)

XS
SM
MD
LG