Ооганстандын Забул чөлкөмүндө 7 кишинин сөөгү табылды. Чөлкөмдүн коопсуздук кызматынын жетекчиси Гулям Сахи Леванинин айтымында, курман болгондор өкмөт менен кызматташкандыгы үчүн талибдердин колунан каза тапкан болушу мүмкүн. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун ооган редакциясы кабарлады. Бирок башка булактар маркумдар бир жума мурун Кандагардан келатканда дайынсыз жоголгон ооган армиясынын жоокерлери болчу деген версияны айтып чыгышты. Ушу тапта иликтөө иштери жүрүп жатат.