Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Керри: Израил менен Палестина мунасага келиши керек


АКШ Мамлекеттик катчысы Жон Керри Израил менен Палестина ортосундагы проблемаларды чечсе болот деп эсептейт. Американын башкы дипломаты бүгүн Иерусалимде Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен жолугушууда. Жакынкы Чыгыштагы сапары маалында Керри тынчтык процессин жандандыруу маселесин талкууламакчы. Мамкатчы Нетаньяху жана Палестина лидери Махмуд Аббасты “реалдуу мунасага келип, оор чечимдерди кабыл алууга” үндөдү. Израиль өкмөт башчысы палестиналыктар “чатакка май тамызып, жасалма кризис” түзүп жатышкандыктан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай келатат деп сындады.

Керри бүгүн Бетлеем шаарында Аббас жана башка жетекчилер менен кездешет. Вашингтондун өкүлү тараптар сүйлөшүүлөр үстөлүнө эмки июлда кайтышат деп ишенет. Тынчтык процесси жөөт конуштарынын кеңейтилишне байланыштуу улам токтоп келатат.

XS
SM
MD
LG