Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:10

“Альфа Телекомдун” 2 млн. доллары табылды


Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын жетекчиси Бектен Сыдыгалиев билдирди. Анын айтымында, атайын кызматтын кызматкерлери прокуратура жана каржылык чалгындоо кызматынын колдоосу менен оффшордук зоналардагы банк эсептеринде кымтылган акчанын изин таап чыгышты. Ага ылайык, "Альфа-Телекомдон” уурдалган алты миллион доллардын эки миллиону борбордук Европада жайгашкан Лихтенштейн княздыгындагы оффшордук банктардын биринин эсебинен чыккан. Эки миллион долларга Бишкектен кеңсе кылууга бала бакча сатып алынганы аныкталган. Калган сумманын кайда кымырылганы азырынча тергөөгө белгисиз. Тергөө иштери бүткөн соң Лихтенштейндеги каражатты мамлекетке өткөрүп алууга мүмкүн.

“Альфа Телекомдун” аталган топ-менеджменти 2011-жылы 31 миллион долларга уюлдук операторго жаңы жабдыктарды сатып алуу үчүн кытайлык ZTE компаниясы менен келишим түзгөн. Тергөө учурунда ал келишимде “Альфа Телеком” сатып алган жабдыктар өтө кымбатка бааланганы аныкталган. Бул үчүн ZTE компаниясы Британ жана Виргин аралдарында катталган “Альфа Телекомдун” убактылуу жетекчиси Алмазбек Абековдун Truth Concept Limited аттуу оффшордук компаниясынын эсебине которулган.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы «Мегаком» уюлдук операторлорунун башчылары – «Альфа Телекомдун» башкы директору Азамат Мурзалиевди, анын кеӊешчиси Алмаз Абековду жана «Новострой сервис» ишканасынын башчысы Кенжебек Аман уулун мамлекет казынасына ири өлчөмдө зыян келтирген деп айыптап, камакка алган. Ушул жылдын башында Мурзалиев үй камагына чыгарылган. (КЕ/KJ)

XS
SM
MD
LG