Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:50

Атамбаев: күчтүү мамлекет курууну максат кылабыз


Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарды Октябрь революциясынын жеңген күнү менен куттуктады. Анда 1917-жылдын октябрындагы окуялар бир мамлекеттин тагдырын гана өзгөртпөстөн, дүйнөлүк тарыхтын жүрүшүнө дагы таасирин тийгизгени айтылган. “Кыргызстан совет доорунда коомдук, социалдык-экономикалык өнүгүүдө зор кадамдарды жасады. Советтер Союзунун курамында болгон учурунда - 74 жылда Кыргызстан кылымдарга тете жолду басып өттү. Кыргызстан үчүн ал заман – жаратмандыктын мезгили, аталарыбыздын басып өткөн даңктуу жолу болуп калды”, - деп айтылат куттуктоодо. Ошондой эле эркин, күчтүү жана гүлдөгөн мамлекет куруу үчүн басып өткөн жолго, тарыхка аяр мамиле жасоо милдети белгиленген.

Мындан туура 95 жыл мурун, 7-ноябрда Орусияда падышалык бийлик тактан кулап, анын ордуна Владимир Ленин башында турган жумушчулар менен дыйкандардын Коммунисттер партиясы бийликке келген. Ошондон тарта Советтик Социалисттик Республикалардын союзу деген ири держава куралып, 73 жылдан кийин кайра урап калган. Анын курамындагы 15 республика бүгүн ар бири өз алдынча эгемендикке ээ өлкөлөр.

7-ноябрь Октябрь революциясынын жеңген күнү. Бул күн Кыргызстанда эс алуу күн деп жарыяланган. Эгемен Кыргызстанда 7-ноябрды Улуу Октябрь социалисттик революциясынын күнү катары кайрадан белгилөө тууралуу чечим коммунисттердин сунушу менен 2001-жылы парламентте кабыл алынган. 1990-жылдардын башына чейин бул күндү социалисттик республикалардын баары негизги майрамдардын бири катары белгилеп келген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG