Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Эмомали Рахмон дагы жети жыл президенттик кылат


6-ноябрдагы жалпы элдик шайлоодо Рахмон жеңгенин Тажикстандын БШКсынын төрагасы Шермухаммад Шохиён жарыялады:

- Урматтуу Эмомали Рахмон – Тажикстан Элдик демократтык партиясынын, Тажикстан Жаштар союзу жана Тажикстандын көзкарандысыз профсоюздар федерациясынын талапкери 3 млн. 23 миң 754 добуш алды. Бул жалпы добуштардын 83, 6 проценти.

1994-жылдан бери бийликте отурган Рахмон беш анча белгисиз, өзүнө ишенимдүү талапкер менен шайлоого чыкты. Негизги атаандаш болчу оппозициянын өкүлү катталууга зарыл добуштарды жыйнай албай, күрөштөн чыгып калган.
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму тажик өкмөтү көзөмөлдөгөн маалымат булактарын шайлоого чейин негизинен президент Рахмон менен жолугушууларды чагылдырууда деп сындаган.

XS
SM
MD
LG