Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:27

Гүлнара Каримова суракка алынды


Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримова ага караштуу Terra Group медиа-холдинг компаниясы таанымал өнөрпоздордон пара алган деген шек менен суракка алынганын маалымдады.

Каримованын Твиттерде жазышынча, белгилүү ырчы-музаканттар 6-ноябрда Башкы прокуратурага чакырылып, сурак беришкен. Акыркы күндөрү Каримовдун кызына караштуу бир нече медиа компания жабылып, "Терра группанын" банктагы эсептери камакка алынган. Гүлнара Каримова жакын жардамчысы Нурмухаммад Садыков жоголуп кетти деген кабарды калпка чыгарып, ал үйүндө эле жүргөнүн да жазды.

Апта башында президенттин кызы анын мурдагы жан сакчыларын Улуттук коопсуздук кызматы камакка алганын билдирген. Өткөн жумада Гүлнара Каримова Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы Рустам Иноятовду “президент болууну күсөп жүрөт” деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG