1938-жылдын 5-7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз Совет Республикасынын ал кездеги көрүнүктүү жетекчилери, алдыңкы илимий-чыгармачыл интеллигенция өкүлдөрү Москванын буйругу менен түн ичинде атылып өлтүрүлгөн. Бир чуңкурга чогуусу менен көмүлгөн 138 маркумдун сөөгү 53 жылдан кийин 1991-жылы казылып алынып, сый-урмат менен кайрадан жерге берилген. Маркумдардын сөөгү көмүлгөн жер “Ата-Бейит” аталып, ал жерге мемориалдык комплекс ачылган.
"Эл душманы" жарлыгы тагылып, 1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Төрөкул Айтматов ж.б. кыргыз интеллигенциясынын анабашылары болгон.
Жыл сайын бул күндөрү бейөкмөт уюмдар, студенттер жана башка жарандар Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү үчүн “Ата-Бейитке” келип, анда жаткан маркумдардын арбагына багыштап куран окуп, бейиттин айланасын тазалап кетишет.(ZKo)