Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:14

Евробиримдик Украинага бир апта мөөнөт берди


Евробиримдиктин чабармандары Украин парламентине эркинен ажыратылгандардын чет өлкөгө барып дарылануусуна мүмкүнчүлүк берүүчү мыйзам долбоорун кабыл алууга бир апта мөөнөт беришти. Рада төрагасынын орун басары Руслан Кошулинскийдин айтуусунда, Евробиримдиктин мартабалуу чабармандары: Польшанын мурдагы президенти Александр Квасневьский жана Европарламенттин экс-төрагасы Пэт Кокс эгер Киев биримдикке кошулууну кааласа, мыйзамды кабыл алууга тийиш экенин эскерткен.

Эгер мыйзам кабыл алынса мурунку премьер-министр, 7 жылга эркинен ажыратылып, камакта жаткан Юлия Тимошенко Германияга барып, дарыланууга мүмкүнчүлүк алат.
Украина Евробиримдикке кошулуу боюнча келишимге 28-29-ноябрь күндөрү Вильнюста өтүүчү жыйында кол коюуга үмүттөнүүдө.

XS
SM
MD
LG