Жазуучунун “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги мүрзөсүнүн үстүнө курулуп жаткан күмбөздүн ачылышы 14-ноябрда болот. Бул тууралуу “Азаттыкка” маданият, маалымат жана туризм министри Султан Раев билдирди. Бул күнү Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган форум ишин баштайт.
Чыңгыз Айтматовдун күмбөзү анын уулу Аскар Айтматовдун каражатына курула баштаган, кийинчерээк курулушка президент Алмазбек Атамбаев өз каражатынан 1 млн. сом бөлүп берген.
“Ата-Бейит” мемориалдык комплекси турган жерде 75 жыл мурун Сталиндик репрессиянын курмандыктары, Кыргызстандын 138 чыгаан уулу атып өлтүрүлгөн. 53 жылдан кийин алардын сөөгү казып алынып, сый-урмат менен кайра жерге берилген.
1938-жылы 5-7-8-ноябрь күндөрү атылгандардын арасында Чыңгыз Айтматовдун атасы, заманынын чыгаан ишмери Төрөкул Айтматов да бар. 2008-жылы 10-июнда Германияда дарыланып жаткан жеринен көз жумган Чыңгыз Айтматовдун сөөгү өзүнүн керээзи боюнча атасынын сөөгү жаткан "Ата-Бейитке" коюлган. (ZKo)