Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:35

Кыргызстанга кызыккандар көбөйдү


"Дүйнөлүк саякат базарындагы" Кыргызстандын стенди, Лондон, Британия, 7-ноябрь 2013-ж.
"Дүйнөлүк саякат базарындагы" Кыргызстандын стенди, Лондон, Британия, 7-ноябрь 2013-ж.
Лондондо жыл сайын өтүүчү "Дүйнөлүк саякат базары" (World Travel Market) жармаңкесинде быйыл Кыргызстанга кызыккандардын саны көбөйгөндүгү тууралуу аты аталган жармаңкенин уюштуруучулары маалымдады.

Англияда 4–7-ноябрда өткөн жармаңкеге жер жүзүнөн беш миңден ашуун туристтик компаниялар катышып, Кыргызстандан "Ак-Сай Тревел" саякат агенттиги келди.

Уюштуруучулардын айтымында, Кыргызстандын стендине үч күндүк жармаңке учурунда жети миңдей адам келип, көбүнесе тоолордо эс алууга кызыгып, маалымат алышкан. Былтыр ушул эле жармаңкеге Кыргызстандан алты саякат уюштуруучу мекеме катышкан. (BAz)

XS
SM
MD
LG