Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Токтогулда унаа айдоочулары менен күйүп кетти

Кечээ Бишкек-Ош жолунун 218-чакырымында май ташыган машине күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. КамАЗ үлгүсүндөгү машина прицеби менен Токтогулда 5 метр бийиктиктен кулап кеткен.

Министрликтин Токтогул райондук Куткаруу кызматынын куткаруучулары 95 пайызы күйгөн машинеден 2 кишинин денесин алып чыгышкан. Таанылгыс болуп өрттөнгөн кишилердин тек жайы такталууда.

Айдоочунун рулду башкара албай калганы кырсыкка себеп болгону айтылууда. (AKu)
XS
SM
MD
LG