Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:41

Жоголгон өспүрүмдөрдүн биринин сөөгү табылды


Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылынын изделип жаткан кичинекей тургуну, 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоевдун жансыз денеси бүгүн эртең менен табылды. Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимовдун билдиришинче, Аламүдүн-1 районундагы каналда баланын денеси калкып чыгып калган. 6 жаштагы экинчи өспүрүмдү суучулдар издеп жатышат.

Милиция балдар каналдын үстүндөгү түтүктөн өтүп жатканда сууга түшүп кеткен болушу мүмкүн деп божомолдошууда.

Бир үйдө жашаган 6 жаштагы Нурсултан Медербеков жана 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоев бир нече күндөн бери изделип жаткан. (AKu)

XS
SM
MD
LG