Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:39

Ирандын ядролук программасы боюнча сүйлөшүү уланууда


Женевада үчүнчү күн өтүп жаткан сүйлөшүүгө Ирандын жана Р5+1 тобуна кирген АКШ, Кытай, Британия, Орусия, Франция жана Германиянын өкүлдөрү катышууда.

Макулдашууну тездетүү максатында жума күнү сүйлөшүүгө АКШнын мамкатчысы Жон Керри да кошулду. Керри андан соң Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Катерин Эштон жана Ирандын тышкы иштер министри Жавад Зариф менен кездешти. Бул жолугушуу үзүрлүү болуп, бирок бир натыйжага келишпегенин Зариф билдирди. Жон Керри Женевадагы сүйлөшүү тууралуу: “Мен ортодо чечүүгө зарыл айрым маанилүү маселелер бар экенине көңүл бургум келет. Ушул тапта мунаса табыла элек, бирок Р5 өтө катуу иштөөдө”, - деп билдирди.

Ишемби күнү Ирандын ядролук программасы боюнча талкууга Орусиянын тышкы иштер министри С. Лавров да кошулмакчы. Дүйнөнүн алты кубаттуу өлкөсү эгер Тегеран ядролук программасын өнүктүрүүнү токтотсо, Иранга каршы санкцияны жеңилдеткенге макул экени кабарланган. Батыш Иран атомдук бомбанын үстүнөн иштөөдө деп шектенет. Иран программасы тынчтык максатын гана көздөгөнүн айтып келет.

XS
SM
MD
LG