Сулуулардын Москвада ишемби күнү өткөн сынагында 25 жаштагы Габриэла Ислер “Аалам периси” аталды. Ал Венесула телеканалында диктор. Габриэла Ислер акыркы алты жылда “Аалам периси” аталган үчүнчү венесуэлалык аял.
Анын жеңишин Венесуэланын президенти Николас Мадуро Твиттердеги катында “өлкө үчүн албан жеңиш” деп сыпаттады. “Аалам периси” болуу үчүн дүйнөнүн чар тарабынан 16 сулуу сынакка түштү. Пери 120 миң долларлык таажыны бир жыл бою кийип жүрө алат. Ага ошондой эле 250 миң долларга сербаа белектер берилди.
Калыстар тобуна Aerosmith рок группасынын солисти Стивен Тейлор, орусиялык ырчы Филипп Киркоров кирди. Сынакты британдардын Spice Girls группасынын мурдакы солисти Мелани Браун жана АКШнын Ен-Би-Ес (NBC) телеканалынын алып баруучусу Томас Робертс алып барды. Бул эл аралык сынак алтымыш бир жылдык тарыхында алгачкы жолу Москвада өттү. Сынак ээси америкалык ишкер Дональд Трамп.