Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Көлдө арактын айынан бир күндө эки киши каза тапты


Ысык-Көл облусунда мас мушташтын айынан кечээ 10-ноябрда эки адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, кечки саат сегизден өткөндө Каракол шаарындагы жатаканалардын биринде ага-ини Кылычбаевдер арак ичип отуруп мушташа кеткен. Агасы инисин жүрөккө бычак менен сайып өлтүрүп койгон. Ал эми Ысык-Көл районунда көл жээгинде курулуп жаткан "Ак-Куу" эс алуу жайынын эки кароолчусу чырлаша кетип, биринин башын бири кирпич менен жарып салган. Эки окуя боюнча тең кылмышка шектүүлөр кармалып, териштирүү жүрүп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG